Кыргызстан менен Оренбург облусунун айыл чарба жаатындагы кызматташуусу боюнча протокол түзүлдү

Кыргызстандын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 31-октябрда Орусиянын Оренбург облусунун айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Михаил Маслов менен жолугушту. Анда тараптар өз ара кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Айдаралиев аталган протокол эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ал эми Маслов: "Оренбург облусу Кыргызстандын азык-түлүктөрүнө, Кыргызстан биздин товарларга муктаж. Бул протоколдо көрсөтүлгөн талаптар эки тараптан тең толук аткарылышына үмүт артам",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

