super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 
Президент Алмазбек Атамбаев 30-октябрда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушууда тараптар кыргыз-орусиялык кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги, интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу мамиле куруунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнү колдоо боюнча капиталы 1 миллиард доллар болгон кыргыз-орусиялык фонд түзүү тууралуу макулдашуунун аткарылышын да талкуулашканын президенттик аппараттан билдиришти.

Кыргызстан менен Орусиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды.

Алмазбек Атамбаев эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө жалпысынан канааттанганын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана мамлекеттер ортосундагы достук маанайында өлкөгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн орусиялык тарапка ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: