Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Нарында сарайдын чатыры күйүп кетти
Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт
кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 31-октябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталган.
Нарын облусундагы Ийри-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде 50 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 2 боз үй, 1 ээр, 2 тонна көмүр, 2 тонна тезек жана 500 килограмм отун күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыккан себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.