super.kg logo

Борбор калаада 80 жаштагы пенсионердин өлүмүнө шектүү жаран изделүүдө

 

Бишкекте Тынчтык кең көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде 80 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.  

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кечээ түнкү саат 12лер чамасында каза болгон пенсионердин кошунасы милицияга телефон чалган. Ал кошунасынын үйүндө түшүнүксүз үндөр чыгып, бирөө жүргөнүн айткан. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери үйдүн ичинен 1934-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Айрым маалыматтар боюнча, ал зордукталып, анан өлтүрүлгөнү айтылууда, бирок азырынча ал маалымат тастыктала элек.

“Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү адам изделүүдө” деп билдиришти Бишкек ШИИББинен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.11.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
астагфируллах, 80деги адамды зордуктайт деген эмнеси, адамдар айбандардан да томондоп кеттикпи...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: