super.kg logo

Аламүдүн районунда унаа уурдап, аны менен жол кырсыгына кабылган жаран кармалды

 

Аламүдүн районунда унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине 42 жаштагы Аламүдүн районунун А.Жыргалбек аттуу жараны кайрылган. Анда ал 26-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Луговое айылындагы “Алмаз” кафесинин жанынан белгисиз адам Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Көп өтпөй ал унаа менен тосмону сүзүп, унааны окуя болгон жерге таштап, изин суутуп кеткен. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Аламүдүн районунун ИИБи тарабынан 172-берене (мыйзамсыз түрдө унаа каражатына ээ болуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Гроздь айылынын 20 жаштагы Н.Данил аттуу тургуну кармалган. Сурак учурунда ал өз күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: