Ош шаарындагы электр энергиясын өчүрүү бонча график бекитилди

Ош шаарынын аймагында жеке менчик турак үйлөрдө саат түнкү 00:00дөн баштап эртең мененки саат 6:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, чектөө Манас-Ата кичи шаарчасындагы Нариман, Жаңы-Турмуш айылдарында, Жийделик, Жим көчөлөрүндө, Амир-Темир аймактык кеңеши, Калинин көчөсү, Курманжан датка аймактык кеңеши, Жапалак, Кеңеш, Оруке, Чурулдай, Ишекаван, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Жаңы-Турмуш, Беш-Кепе, Озгур, Төлөйкөн, Учар, Тээке, Ак-Тилек айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилет.
Ошондой эле Ленин, Курманжан датка көчөлөрүндөгү жер үйлөрдөгү электр жарыгы да аталган графикке ылайык өчүрүлсө, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө, социалдык мекемелерде электр жарыгы өчүрүлбөйт.



Талкуудан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.