super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Араб координациялык тобуна 1 миллиард долларлык инвестициялык долбоорлорду сунуштады

 

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жана Араб өлкөлөрүн өнүктүрүү жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Араб координациялык тобунун 2-инвестициялык форуму өтүүдө. 1-инвестициялык форум 5 жыл мурун өткөнүн, кийинки форумду уюштуруу ар кандай себептерден улам артка жылганын айткан Сарпашев: "Биринчи кезекте бул 2010-жылкы окуяларга жана өкмөт курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Биз мындай иш-чаралар такай өтүп, ал эми биздин ортобуздагы кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөт жана анын негизги көрсөткүчү катары ишке ашырылган долбоорлордун саны болуп эсептелет деп ишенебиз",- деп билдирди.

Биринчи вице-премьер араб фондунун өкүлдөрүнө долбоорлорду кунт коюу менен карап чыгып, аларды каржылоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. "Өкмөт өз кезегинде жактырылган инвестициялык долбоорлор боюнча өз убактысында кол коюуга жана аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө колдон келген күчүн жумшамакчы",- деди Сарпашев.

Өкмөт тарабынан Араб координациялык тобуна 1 миллиард 131 миллион доллар суммасындагы 23 инвестициялык долбоор сунушталганы айтылды. Долбоорлордун айрымдары инфраструктураны өнүктүрүү, Баткен облусунда суу сактагычты куруу, сугат каналдарын жана автожолдорду куруу жана башкаларга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: