super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы маданият жана искусство кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөнүн маданият жана искусство кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда өкмөт аппаратынан билдирди.

Өкмөт башчынын куттуктоосунун тексти:

Сиздерди алгач маданият жана искусство кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кыргыз өкмөтүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктайм!

Маданият – бул улуттун уңгусу, руханий уюткусу, элибиздин көөнөрбөс көркөм дөөлөтү. Кылымдар бою кыргыздын жаны менен, руху менен соолубас булак катары жашап келген улуттук маданиятыбыз элибиздин көкүрөгүнө жарык берип, кыргыз дүйнөсүн ааламга таанытып келет. Маданияттын өзөгүн таланттар жаратат, биз кыргыз элине, келечек урпактарга алтын мурасты калтырып кеткен улуу өнөр ээлерине таазим эткибиз келет. Алар өнөрү, таланты менен бизге өчпөс-өлбөс руханий асыл дүйнөнү калтырып кетишти. Ал улуттук маданияттын гана эмес, адамзаттык маданияттын жаркын дөөлөтү.

Улуу муундар калтырып кеткен өнөр дүйнөсүн мындан ары улап кетүү, аны байытуу, өркүндөтүү жана сактап калуу - сиздердин ыйык милдетиңиздер. Кыргыз мамлекети, кыргыз өкмөтү улуттук маданиятты өлкөбүздүн рух ордосу катары карайт. Маданият мындан ары да мамлекеттик саясаттын эң артыкчылыктуу багыты катары эсептеле берет. Анткени биз маданиятыбыз менен дүйнөгө эл катары, улут катары, мамлекет катары таанылабыз. Мына ушул улуу миссияны сиздер аткарып келе жатасыздар”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: