super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: “МАИчилердин жаңы радарлары жок, формалары жок, коррупцияны кантип жоёбуз?”

 

“Жол-кайгуул кызматынын жаңы радарлары жок, формалары жок, коррупцияны кантип жоёбуз?”- деди бүгүн, 31-октябрда өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Анын айтымында, ал сунуштап жаткан токтом долбоору МАИни реформалоого багытталган. “Пара алууну жоюуну негизги милдетибиз деп эсептейбиз. Ошондуктан айып пулдардан түшкөн акча каражаттын 25 пайызын мыкты жол-кайгуул кызматкерлерин сыйлоого сунуштап жатабыз”,- деди министр.

Жоомарт Оторбаев өз кезегинде бул долбоорду колдоду. “Айып пул МАИчинин чөнтөгүнө түшкөндүн ордуна бюджетке түшкөнү туура. Албетте, коркунучтар бар, бирок бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек”,- деди премьер-министр.

Ошол эле учурда каржы министри Ольга Лаврова бул долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенген жок. “Эгер муну кабыл алсак, мындан кийин улам-улам ар кандай тиешелүү долбоорлор биздин министрликке түшө башташы мүмкүн”,- деди министр айым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: