Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун өнүгүү жана экологиялык көйгөйлөрүнө арналган жыйын болуп өттү





Каракол шаарында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында Ысык-Көл облусунун 75 жылдыгына жана Каракол шаарынын 145 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Илимий-практикалык конференция “Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык аспектилери жана экологиялык көйгөйлөрү” темасында өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө пленардык баяндамалар окулуп, андан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев жана тиешелүү кызматкерлер катышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.