super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда бензин эмне үчүн кымбаттап жатканын айтты

 

Өкмөттүн 31-октябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын дүйнөлүк экономикалык абалдан көз каранды экенин белгиледи. Орусияны мисалга тарткан өкмөт башчы буларды айтты: “Биз тышкы факторлордон көз карандыбыз. Орусияга карата киргизилген экономикалык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизди. Биз аны азыртадан сезе баштадык. Мисалы, сомдун девальвациясы жүрүүдө, акыркы кезде сом долларга карата 12 пайызга төмөндөдү. Ал эми рубль 29 пайызга төмөндөгөн. Мунун айынан күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өсүүдө. Бул факторлорду эске алуу менен биз жагымсыз көрүнүштөргө туруктуу болуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алышыбыз зарыл".

Кыргызстандын быйылкы жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча экономика министри Темир Сариев маалымат берип: “2014-жылдын январь-сентябрь айында ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү 3 пайызга өстү, былтыр бул көрсөткүч 8,9 пайызды түзгөн. ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүнө агрардык продукциянын 2,2 пайызга, көрсөтүлүп жаткан тейлөө көлөмүнүн 2,7 пайызга кыскарышы себеп болду",- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: