super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!  

Коомдогу тартипти, мыйзамдуулукту сактоодо милиция кызматкерлеринин салымы зор. 90 жылдык тарыхы бар кыргыз милициясы далай татаал жол басып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чыныгы каармандыктын мектебине айланды. Бирок бүгүнкү кыргыз милициясы кардиналдуу реформага жана тазаланууга муктаж. Кесипкөй, таза, коомдун кызыкчылыгы үчүн иштей турган кадрларды милициянын катарына тартуу керек.  

Ички иштер органдарынын алдына койгон максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт татыктуу шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Ал эми биздин алдыбызда билимдүү, маданияттуу, калктын калың катмарынын ишенимине толук арзыган тартип сакчыларынын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат. Кыргыз парламенти мындай реформалардын жүзөгө ашырылышын ар тараптан колдойт.

Эл кызыкчылыгын, журт тынчтыгын сактоого арналган ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар дайым аманчылыкта бололу”. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: