super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Маданият – улуттун жүзү, тарыхы, тили жана руханий кенчи"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

"Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Маданият – улуттун жүзү, анын тарыхы, тили жана руханий кенчи. Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою өнөр дүйнөсүн аздектеп, муундан-муунга улуу эпосторду жана маданий мурастарды калтырган. Улуттук маданиятыбыздын жаңы саамалыктар менен байышы, жаңы бийиктиктерге жетүүсү, өркүндөп-өсүүсү -сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин үзүрү. Ал үчүн миң мертебе ыраазычылык билдирсек да аздык кылат.

Себеби өткөн мезгилдеги заман каатчылыгы биринчи кезекте дал ушул тармакка тийди. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары маданиятты көтөрүү колго алына баштады. Сиздердин улут келечегине кошкон салымыңыздар татыктуу баасын алышына бүткүл күчүбүздү жумшайбыз, бардык шарттарды түзөбүз. Чыгармачылыгыңыздар мындан ары дагы өркүндөй берсин.

Дайыма жүзүңүздөрдөн майрамдык маанай өчпөй, ишиңиздерди ийгилик жылоолосун. Мамлекетибизде өнүгүү, коомубузда тынчтык болсун!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: