super.kg logo
  Саясат  

Украина бийлиги Донецк менен Луганскта өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

 
Украина бийлигинен көз карандысыз болууну эңсеген Донецк менен Лугансктагы өлкө башчыларын жана парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Чет элдик маалымат булактарына таянсак, аталган өлкөлөрдүн учурдагы премьер-министрлери Александр Захарченко менен Игорь Плотницкий алдыга озуп чыгышты. Донецк боюнча бюллетендердин 50 пыйызы саналып, анын жыйынтыгында Захарченко шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгынын, Луганскта бюллетендердин 27,8 пайызы саналып, Плотницкий 63,17 пайыз добуш алганы айтылды. 
Донецктин парламенти үчүн шайлоодо "Донецк Республикасы" коомдук уюму лидерлик кылууда (шайлоочулардын 60 пайызы добуш берген). 
Айта кетсек, шайлоолор 2-ноябрда өттү. Украина бийлиги жана батыш өлкөлөрү бул шайлоонун мыйзамсыз экенин айтышууда. Жакында өткөн Украинанын президентин шайлоодо аталган аймакта добуш берүү болгон эмес. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: