super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсык 1-ноябрда саат 21:41де катталган. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, ал Кыргыз Республикасынын Коргон айылынан 60 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 60 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: