super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев хиджабды кыргыздарга таңуулоого каршы чыкты

 
Бишкекте бүгүн, 3-ноябрда өтүп жаткан Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев "исламдык кийимдер" тууралуу пикирин айтты. "Адам Кудайга ишенерин кийим менен эмес, жүрүш-турушу менен көрсөтүшү керек" деген президент хиджаб жана эркектердин узун дамбалчан жүрүүсүнө токтолду. 
"Хиджаб менен дамбалды таңуулай берчү болушса, анда бир мезгил келет, кыргыздын улуттук кийимин же өзүнө ыңгайлуу кийим кийип жүргөндөрдү Кудайга ишенбегендер деп айтып калышат. Ыйык Куранда кандай кийим мусулмандардыкы, кандайы мусулман эместердики деген түшүнүк жок. Исламда таза жана жагымдуу кийинип жүрүү талап кылынат",- дейт Алмазбек Атамбаев.  
Мамлекет башчы дамбал кийип, сакал өстүрүп, эл көзүнө намаз окуса эле адам чыныгы мусулман болуп калбай турганын айтып, Кудайга ишенгендей түр көрсөтүп, бирок нормалдуу адам кылбай турган иштерди жасап жаткандар бар экенин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: