super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет менчик жерлерди банктарга күрөөгө коюу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети бүгүн, 3-ноябрдагы жыйынында “КРнын Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргызстандагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкууга алды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзамда насыясын төлөй албай калгандардын күрөөгө коюлган жерлери банктардын менчигине өтүп, ал жерлерди банктар 3 жылдын ичинде сата турган мөөнөтүн 1 жылга түшүрүү сунуш кылынат. “3 жыл ичинде жер тилкесине төлөнүүчү төлөмдөр токтоп калат. Ошон үчүн бир жылга жылдырып жатабыз”,- деди Рыспаев. Жыйынга катышып жаткан банк өкүлдөрү эки жылга жылдырууну сунуш кылышты. Комитет талкуудан соң 2 жылга жылдыруу чечими менен экинчи окууда парламенттин кароосуна жиберди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: