super.kg logo

Ишкер Райкан Алканов ага болгон кол салуу фактысы боюнча билдирүү жолдоду

 

Талас шаарындагы үйүнөн бир нече жолу бычак менен жараат алган ишкер Райкан Алканов ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жолдоду. Анда ал жалган маалымат тараткан милиция кызматкерлерине нааразы экенин билдирип, министрден аларга баа берүүнү өтүндү. Мындай маалымат бүгүн, 3-ноябрда массалык маалымат каражаттарына тарады.   

Аталган катта ишкер Р.Алканов аны өлтүрүүгө аракет кылгандарга козголгон кылмыш ишинин бети ачылып, алардын эртерээк жазаланышын өтүнгөн. Ошондой эле ал кылмышка шектүүлөр менен жыныстык катнашта болбогонун айткан.

“Каргашалуу окуя болгон күнү үйүнө акча сурап бала багуучумдун эки кызы жана аны менен дагы бир кыз келген. Кийин кеч болуп кеткендиктен, алардын үйдө калуусуна уруксат бергем. Анан түн ичинде башыма урулган катуу соккудан улам ойгонуп кетип, бычак жана балта кармаган кыздарды көрдүм. Алар акча талап кылып, ичти көздөй бычак менен уруп жатышты” деп айтылат катта.

Эске салсак, Р.Алкановго 26-октябрга караган түнү Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ошондой эле буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги өздүк булактарына таянып, ишкердин кылмышка шектүүлөр менен байланышта болгонун жазып чыгышкан эле.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: