super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Манасты Кудайга каршы койгон молдолор - кыргызды тамырынан ажыраткысы келгендер"

 
Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кыргыздын баатыры Манасты Кудайга каршы койгондорду сындады. "Манасты Кудайга каршы койгон молдолор бар, булар кыргызды тамырынан ажыраткысы келгендер деп эсептейм. Айрым диний активисттер Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Манастын эстелигин коюуга каршы чыгышкан. Кыргыздын улуттук баалуулуктары бар. Алар жөнүндө сөз кылганда калпак, комуз, Манас көз алдыбызга тартылат",- деди мамлекет башчы. 
Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин арабдаштыруу тууралуу да нааразычылыгын айтты. "Радиоберүүлөрдүн биринде алып баруучу "халал" кыргызча "адал" деген сөз экенин, "адал" деп колдонсо болорун айтса, берүүгө катышып жаткан молдо Курандын тилинде сүйлөп, "халал" деш керектигин айтат. Биз эмне, араб тилине өтүшүбүз керекпи? Тилин жоготкон эл - эл эмес",- деди президент. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: