2006-жылы Италия футбол курамасы менен Дүйнө чемпиондугун уткан машыктыруучу Марчелло Липпи карьерасын жыйынтыктады
Легендарлуу италиялык адис, 2006-жылы Италия курамасын жетектеп Дүйнө чемпиондугун утуп алган Марчелло Липпи карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары кытайлык “Гуанчжоу Эвергранд” клубун машыктырып келген адис 3 ирет өлкө чемпиондугун уткан.
Кошумчалай кетсек, Липпи 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугунан тышкары машыктыруучу катары УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Европанын суперкубогун жана 5 ирет Италиянын кубогун уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















