Коргоо кеңеши чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн, 3-ноябрда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат. Жыйын жүрүшүндө кеңеш мүчөлөрү чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселесин жабык эшик артында карап жатат. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министрлер, парламент төрагасы, фракция лидерлери, депутаттар жана өкмөт өкүлдөрү катышып жатат. Коргоо кеңеши КРнын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын бекитти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

