super.kg logo
  Саясат  

"Күрмөнтү" аки таш кени боюнча өтүүчү сынактын тартиби бир айдын ичинде иштелип чыгат

 
Экономика министрлигинде бүгүн, 3-ноябрда "Күрмөнтү" аки таш кенин иштетүү үчүн сынак өткөрүү комиссиясынын отуруму өттү. Жыйында өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев аталган кендин абалы учурда оор экенин билдирди. "Кендин аймагына жаңы завод куруу жана инфраструктурасына кам көрүү зарыл. Бул иш келечектеги инвестордун милдети",- деген Зилалиев комиссия мүчөлөрүн ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.  
Айта кетсек, мекемелер аралык комиссиянын курамына 24 адам кирген, төрагасы - Д.Зилалиев. Комиссия бир айдын ичинде аталган кенди иштетүү укугун алуу боюнча өтүүчү сынактын тартибин жана шарттарын иштеп чыгат. Жеңүүчүнү тандап алуу критерийлерин аныктоо да комиссиянын мойнунда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: