Комитет “аскердик абал” түшүнүгүн “согуштук абал” деп которуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 3-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков тарабынан сунушталган “Аскерий абал тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулады.
Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, мамлекеттик тилде анын маанисине дал келген “согуштук абал” түшүнүгүн киргизүү максатында демилгеленген.
“Конституциялык мыйзамда “военное положение” мамлекеттик тилге которсок “аскердик абал” деп которулат. Бирок так маанини бербегендиктен, “согуштук абал” деп которуу туура болот”, - деди ал. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

