Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду 75 жаш мааракеси менен куттуктады
Бүгүн, 30-январда президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго 75 жаш мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:
“Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстан көз карандысыздык жылдар ичинде социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдө, республиканын көп улуттуу элин бириктирүүдө жана эл аралык кадыр-баркын чыңдоодо кыйла ийгиликтерге жетти. Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүктөгү эң бай тажрыйбаңыз биздин мамлекеттер ортосундагы жакшы коңшулук жана достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт деп ишенем”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

