Бишкек шаардык прокуратурасы: "Быйыл паракорчулук боюнча кылмыш иштери былтыркыдан 85%га көп козголду"
Борбор шаардык прокуратурасы 2012-жылдын 9 айында жасалган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Анда жалпысынан 564 көзөмөлдөөчү текшерүү жүргүзүлүп, 1111 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Паракорлук боюнча аталган мезгилде 39 кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 85%га көп. Паракорчулук мүнөздөгү кылмыштар ИИМ системинде жана көзөмөлдөөчү органдарда (соцфонд, салык кызматтары, техникалык жана экологиялык инспекцияларда) көп катталганы белгилүү болду.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

