super.kg logo

Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте байпак чыгаруучу ишканада өрт чыкты

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Борбор калаадагы Исакеев көчөсүндөгү байпак чыгаруучу ишканадан өрт чыккан. Өрттүн келип чыгуусу электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам болгон. Ошондой эле Учкун жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталган. Анда үйдүн 65 чарчы метр гипсокартон шыбы, 1 диван, 1 сыналгы, ашкана гарнитуру күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болууда.  

Ошондой эле Чүй облусунун Сретенка айылында жыгач устундуу, шифер жабылган 30 чарчы метр бастырманын чатыры жана анын ичиндеги 100 түк чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: