super.kg logo
  Саясат  

Донецк менен Лугансктын өлкө башчылары бүгүн кызматтарына киришет

 
Донецк Элдик Республикасынын башчысы Александр Захарченконун (сүрөттө солдо) инаугурациясы бүгүн, 4-ноябрда өтөт. Ушул эле күнү Луганск Элдик Республикасынын жаңы шайланган жетекчиси Игорь Плотницкийдин (сүрөттө оңдо) ант берүү аземи болуп, эки лидер кызматтарына расмий түрдө кирише турганын чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Ант берүү аземине өкмөт өкүлдөрү, Элдик кеңештин депутаттары катышары айтылды. Аталган өлкөлөрдүн башчыларын шайлоо 2-ноябрда өткөн. Жыйынтыгында Захарченко шайлоочулардын 81,37 пайыз добушун алса, Плотницкийге шайлоочулардын 63,08 пайызы добуш бергени жарыяланган болчу. Өлкөлөрдүн парламентине шайлоодо да аталган эки лидер жетекчилик кылган партиялар жеңишти. 
Украина бийлиги жана батыш өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: