2014-жылдын 9 ай ичинде республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 38 миллиард сом бөлүндү
2014-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражаттын суммасы 38 миллиард 548 миллион сомду түздү. Чыгымдар өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 10 миллиард 468,1 миллион сомго өскөн. Бул тууралуу 4-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалар: социалдык коргоого – өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 73 миллион сомго көбөйүү менен 17 миллиард 19,2 миллион сом, билим берүүгө – 12 миллиард 860,9 миллион сом, саламаттыкты сактоого – 7 миллиард 154 миллион сом, эс алууга, маданиятка жана динге – 1 миллиард 513,9 миллион сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

