super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-кытай чек арасындагы кыргыз жоокерлеринин көйгөйүн тезинен чечүү зарылдыгы айтылды

 

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы кыргыз жоокерлеринин көйгөйүн тезинен чечүү зарыл. Аймактагы айрым чек ара бөлүктөрүнө көмүр жеткириле электигин, "Муз-Төр" чек ара бөлүгүндө электр энергиясы атайын генератордун күчү менен күнүнө 7 саат гана берилсе, "Кароол-Дөбө" аскердик бөлүгүндө кышында таза суу жеткирүү кыйындай турганы айтылды. Чек арачылардын абалын көргөн депутат Алмазбек Баатырбеков аталган көйгөйлөрдү кар калың жаагыча чечүү керектигин кошумчалайт. Чек ара бөлүктөрүнүн жаңы имараттарын курууга бюджеттен миллиондогон акча керектелерин айткан депутат бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жакында карала тургандыгын кошумчалады.

Маалыматка таянсак, Нарын облусунун аймагында Кыргызстандын чек арасынын 300 чакырымдан көбүрөөк жери Кытай менен чектешет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: