super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев ханзаада Карим Ага-хан IVгө өлкөдө туруктуулук орногонун айтты

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-ноябрда мусулман-исмаилиттердин лидери, ханзаада Карим Ага-хан IV менен жолугушту. Жолугушууда Ага-хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер кеңири талкууланганын өкмөттөн кабарлады. Экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Оторбаев аталган уюмдун саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы иштерин жогору баалай турганын, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өкмөт кызыкдар экенин билдирди. 
"Кыргызстандагы Ага-хан өнүктүрүү тармагы өзүнүн уникалдуу моделине ээ. Маанилүү багыттарынын бири - тоолуу аймактарды өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну колдоо",- деди премьер-министр. 
Оторбаев Кыргызстанда саясий туруктуулук калыптанып, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: