Алмазбек Атамбаев менен Карим Ага-хан IV мындан аркы кызматташтыкты талкуулады



Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-ноябрда ханзаада Карим Ага-хан IV менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Ага-хан өнүктүрүү түйүндөрүнүн азыркы ишмердүүлүгү, уюм тарабынан Кыргызстандын билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, маданият, чакан бизнес тармагындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу пикир алышканын президенттик аппараттан билдиришти. Мындан тышкары Нарын шаарында ачыла турган Борбордук Азия университетине тийиштүү маселелер да талкууланды.
Алмазбек Атамбаев уюмдун Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн өкүлгө ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

