super.kg logo
  Саясат  

Райондук сот экс-министр Чыӊгысбек Узакбаевди күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом төлөтүү чечимин чыгарды

 
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мурунку жетекчиси Чыӊгысбек Узакбаевди сот күнөөлүү деп тапты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-ноябрдагы чечими менен экс-министрди 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Соттук иштердин аягына чейин күнөөсүн моюнга албай келген Ч.Узакбаев жыйынтыгында "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп табылды. 
Эскерте кетсек, Узакбаевге кылмыш иши 2014-жылдын март айында ачылган. Ал министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: