Ысык-Көл облусунда курулуш материалдарын уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды
Ысык-Көл облусунда курулуш материалдарын уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Каракол шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан жерде материалдар уурдалганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 3 жараны кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.