super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында "Реал" менен "Боруссия" кийинки баскычка чыгышты

 

4-ноябрь түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 4-тур оюндары орун алып, жалпысынан 4 тайпада 8 оюн өттү. Бул күнү туриндик “Ювентус” атаандашы “Олимпиакосту” кыйынчылык менен жеңди. Күндүн эң кызыктуу оюнун лондондук “Арсенал” менен бельгиялык “Андерлехт” көрсөттү. Алгач 3 гол киргизип, голдордун катыштыгында алдыга чыккан “Арсеналды” атаандашы кууп жетип, 3:3 эсебиндеги тең чыгууну камсыздады.

“А” тайпасы

“Мальмё” (Швеция) – “Атлетико” (Испания) – 0:2

Голдор: Коке (30-мүнөттө), Рауль Гарсия (78-мүнөттө).

“Ювентус” (Италия) – “Олимпиакос” (Греция) – 3:2

Голдор: Андреа Пирло (21-мүнөттө), Альберто Ботия (24-мүнөттө), Дельвен Ндинга (61-мүнөттө), Роберто (65-мүнөттө, өз дарбазасына), Поль Погба (66-мүнөттө).

“В” тайпасы

“Реал” (М, Испания) – “Ливерпуль” (Англия) – 1:0

Гол: Карим Бензема (27-мүнөттө).

“Базель” (Швейцария) – “Лудогорец” (Болгария) – 4:0

Голдор: Брель Эмболо (34-мүнөттө), Дерлис Гонсалес (41-мүнөттө), Шкелзен Гаши (59-мүнөттө), Марек Сухи (65-мүнөттө).

“С” тайпасы

“Зенит” (Орусия) – “Байер” (Германия) – 1:2

Голдор: Сон Хын Мин (68-мүнөттө), Сон Хын Мин (73-мүнөттө), Саломон Рондон (89-мүнөттө).

“Бенфика” (Португалия) – “Монако” (Франция) – 1:0

Гол: Талиска (82-мүнөттө).

“D” тайпасы

“Арсенал” (Англия) – “Андерлехт” (Бельгия) – 3:3

Голдор: Микель Артета (25-мүнөттө, пенальти), Алексис Санчес (29-мүнөттө), Алекс Чемберлен (58-мүнөттө), Антони ванден Борре (61-мүнөттө), Антони ванден Борре (73-мүнөттө, пенальти), Александр Митрович (90-мүнөттө).

“Боруссия” (Д, Германия) – “Галатасарай (Түркия) – 4:1

Голдор: Марко Ройс (39-мүнөттө). Сократис Папастатопулос (56-мүнөттө), Хакан Балта (70-мүнөттө), Чиро Иммобиле (74-мүнөттө), Семих Кайя (85-мүнөттө, өз дарбазасына).  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: