Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам колу-бутунан күйүк алса, ымыркай түтүнгө ууланды
Бишкек шаарынын Долон кыска көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1988-жылкы Александр Лосов 1-2 даражадагы күйүктөрдү алып, 2014-жылы туулган Наталья Азизбаева түтүнгө ууланган.
ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдиргендей, Александр Лосов колунан жана буттарынан 1-2 даражадагы күйүк алып, №4-шаардык оорукананын күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Наталья Азизбаева түтүнгө ууланып, №3-шаардык балдар ооруканасына алынып барылган.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен аянты 90 чарчы метр турак үйдүн чатыры, кийим-кечелер, газ плитасы, диван күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.