Жогорку Кеңеш саламаттык сактоо министри кылып Талантбек Батыралиевди шайлады

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо министри болуп шайланды. Анын талапкерлигине 91 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди. Талкуу жүрүшүндө Батыралиевдин дарегине бир катар жылуу пикирлер айтылды. Депутаттар медицина тармагындагы көйгөйлөрдү аташып, аны чечүүгө болгон аракетин жасоону талап кылышты.
Айта кетсек, талапкер парламенттин КСДП фракциясынын квотасы боюнча министрлик кызматка сунушталган. Ал 1960-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Кесиби боюнча кардиолог. 23 жылдан бери Түркияда эмгектенип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

