Марат Жанталиевге "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы тапшырылды

Актёр, куудул Марат Жанталиевге "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы тапшырылды. Бул тууралуу Марат мырза SUPER.KG порталына бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
Автор: Динара Абдыкадырова
"Жыл сайын айылга чөп чапканы барам. Ушул жылы жайында талаада чөп чаап жүрсөм, айыл өкмөтүнүн башчысы келип "Сага сунуш бар. Сени "Нарын облусунун ардактуу атуулу" сыйлыгына көрсөтүп жатабыз, аласыңбы?" дейт. Мен болсо "берсеңер эле мен эмнеге албай коймок элем, алам да" дедим. Ошентип, Нарын өкүлчүлүгүнө барганыбызда облус башчысы жыйын өткөрүп, "Бул киши Нарындан чыккан талант, эл оозуна алынып, жерибизди таанытып жүрөт, ошондуктан "Облустун ардактуу атуулу" наамын алганга татыктуу" деп айткан сөзүн жергиликтүү парламент да колдоого алды. Ошол жерден эле буйрукка кол коюлуп, жөнөтүлдү. Жакында барып сыйлыгымды колума алдым, медалы, күбөлүгү, акчасы бар экен. Ушул наамды күтүүсүз жерден алганыма кудуңдап, сүйүнүп жүрөм. Үйдөгүлөр "Ушу наамга татыктуусуңбу?" дешет, а мен "берип жаткандан кийин татыктуумун да" деп тамашалашып калабыз",- дейт кубанган Марат Жанталиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(5)
Akshumkar

05.11.2014. 11:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба татыктуу, эбак эле бериш керек болчу
Aipri

05.11.2014. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы актер.
edico22

05.11.2014. 16:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Марат байке! Онорунуз оркундой берсин!
al-abu-kinesz

05.11.2014. 19:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик, сыйлыгыныз куттуу болсун!
ota.88

15.11.2014. 21:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле Нарындын эле медалы эмес Кыргыз маданиятына эмгек синирген ишмер деген наам берилиш керек эле бул кишиге. Министр эмнени карап кимдерге сыйлык берип атат министр озу деле тушунбой жаткан болсо керек?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.