Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, Ак-Суу районунда 1000 түк чөп күйүп кетти
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү
кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13
өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 5-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ак-Суу районуна караштуу Жол-Колот айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу, калай жабылган, аянты 260 чарчы метр курулуш чарбасынын чатыры жана 1000 түк чөп күйүп кеткен. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кароол айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 4 тонна жыйылган чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.