Ош-Араван унаа жолунан унаадан Калашников үлгүсүндөгү автомат алынды



ИИМдин Түштүк аймактар боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош-Араван унаа жолунан унаадан Калашников үлгүсүндөгү автомат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 4-ноябрда саат 12:00 чамасында Ош-Араван унаа жолунун 8-чакырымынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны Араван айылынын 49 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Тинтүү учурунда унаадан кара баштык табылган, анын ичинен 7,62 калибрлүү, октору жок Калашников автоматы алынган. Ал унаадагы 23 жаштагы Х.Б. аттуу жүргүнчүгө таандык экени аныкталган.
Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды,
жарылуучу заттарды
жана
жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү,
өткөрүү,
сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши
козголду. Учурда Калашников автоматы кандай максат менен алганы такталып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Odik11

05.11.2014. 12:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Х.Б дейби, , туугандардан го чамасы...
anti_anti

05.11.2014. 13:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык машинелерди текшериш керек 100дун ичинен 30 машинеде пистолет автомат табылса керек. просто кеде шалаакылык кетет да.
nusu95

10.11.2014. 20:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anti_anti, 100 машинанын ичинде бар автомат писталеттер бирок алардын 30 гана кармалат
Ganibal87

05.11.2014. 21:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто коп жакшылап текшерсе, чыгат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.