super.kg logo

Бишкекте Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмөнүн бет ачары болот

 

6-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде КРнын Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмөнүн бет ачары орун алат. Аталган музейден билдиришкендей, көргөзмөдөн өлкөнүн чыгаан сүрөт чеберлеринин живопись, графика, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгектерин көрүүгө болот.  

"Кыргызстандагы сүрөтчүлөр ар кайсы жаатта жана искусствонун ар түрдүү багытында иш алып барышкандыктан, алардын чыгармачылыгы көп кырдуу. Бирок көп түрдүүлүккө карабай сүрөтчүлөр чеберчиликтин башатына, реалисттүү методго кайтууну салт катары сактап алышкан",- деп билдиришет аталган музейден. 

КРнын Сүрөтчүлөр союзу мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ал эми ошол эле белгиленген жылдын 8-ноябрь күнү биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылган. 1935-жылы 1-январда Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясы алгачкы көрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: