super.kg logo

Бишкекте Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун үчилтигинин бет ачар аземи өткөрүлөт

 

6-ноябрда Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын чакан залында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Саякбай Каралаев - XX кылымдын алп манасчысы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы жана Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун үчилтигинин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган академиядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук академиясы өз учурунда улуу манасчы С.Каралаевдин айтуусундагы “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпосторун жана башка чыгармаларды жазып алган. С.Каралаев убагында Кыргыз илимдер академиясы менен тыгыз байланышта болгон. Академик Абдылдажан Акматалиев, манас таануучулар Айнек Жайнакова жана Рыскул Сарыпбеков даярдаган кол жазма “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпостору басылып, окурмандардын колуна тийген. Баш сөз катары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Манас” эпосу жөнүндө ой-толгоосу берилген. КРнын Президенти А.Атамбаев эпостордун басылып чыгышын өз убагында куттуктап, түзүүчү жана басма кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөткөн. Бүгүнкү күнү Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун үчилтигинин кол жазмаларынын академиялык басылышы даярдалып жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Малайзиянын окумуштуулары менен телекөпүрө өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: