Саламаттык сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевдин Түркиянын жараны эмес экени аныкталганы айтылды



Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына шайланган Талантбек Батыралиевге коммерциялык уюмдун мүчөлүгүнөн чыгууну эскертишти. Муну Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жетекчиси Наталья Никитенко билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Т.Батыралиевде чет өлкөнүн жарандыгы жок. "Бул маалыматты Ички иштер министрлиги, Түркиянын консулдугу жана тиешелүү мекемелер тактап беришкен. Мындан тышкары ал инвестициялар боюнча коммерциялык уюмдун мүчөлүгүндө турат. Мыйзамга ылайык, 7 күндүн ичинде Т.Батыралиев бул уюмда болгон кызматын ташташы зарыл",- деди Никитенко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

