super.kg logo
  Саясат  

Парламент айыпталып жаткан депутаттардын ишин иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзөт

 
Урмат Аманбаева ЖК депутаты, "Республика" фракциясынан
Каныбек Осмоналиев ЖК депутаты, "Ар-Намыс" фракциясынан, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы

Парламент прокуратура тарабынан айыпталып жаткан депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаеванын ишин иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзөт. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 5-ноябрындагы жыйынында кабыл алынды. Депутаттык комиссиянын курамына 5 фракциядан экиден депутат кирмекчи. Андан сырткары депутаттар бүгүн, 5-ноябрдагы жыйында бул иш боюнча прокуратуранын маалыматын угушат. 

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриенттин окууга киргендигинин мыйзамдуулугун текшерип чыккан. Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине жана окуу жайдын ректоратына кайрылып, студенттерди окуу жайга кабыл алууну суранган. Бул текшерүүгө негиз болгон. 

Ал эми депутат Аманбаева "коррупция" беренеси менен айыпталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: