super.kg logo
  Саясат  

"Бажы союзуна кирсек, айылда жашагандардын турмушу оңолот" дейт депутат Иманкожоева

 
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин айылда жашагандардын турмушу жакшырат. Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева ушундай пикирде. Депутаттын айтымында, биримдикке кирүү менен айылдарда жер иштетүү тармагы жанданат. "Ооба, Бажы союзуна кирсек, азык-түлүк кымбаттайт. Бирок бул нерсе айылда жашагандар үчүн жакшы нерсе. Жер иштетүү же мал чарбачылыгы менен тапкан продукцияларын кымбат сатууга жол ачылмакчы. Товарларын шаардын базарларына кымбат сата алышат",- деди депутат.
Иманкожоева жер иштетүү боюнча буларды айтты: "Мурда өзүн актабай калганы үчүн кароосуз ташталган жерлерди эми иштетип, пайдасын көрө башташат. Жаштардын айылдарга барып, жер иштетүү менен үй-бүлөсүн багып, жетиштүү киреше табуусуна мүмкүнчүлүк жаралууда". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: