super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Жакыпов экономика министринин орун басары болуп дайындалды

 
Кылычбек Жакыпов (сүрөттө оңдо) экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 5-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Экономика министри Темир Сариев жаңы орун басарын бүгүн жамаатка тааныштырды. Сариев билдиргендей, К.Жакыпов буга чейин сырткы соода тармагы боюнча "Бирдиктүү терезе" борборунун башчысы болуп иштеп келген. "Жаңы ыкмаларды колдонуп натыйжалуу иштеген",- деп билдирди министр. 
Өкмөт башчынын жарлыгы менен экономика министринин орун басары Санжар Мукамбетов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган эле. 
К.Жакыпов:
Туулган жылы - 1974-жыл.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, кесиби - инженер-куруучу (1997-жылы).
2002-жылы КУУнун финансы жана кредит факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2000-жылы баштаган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: