super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан: Диний секталардын мүчөлөрү аскердик милдетин өтөөдөн баш тартышууда

 
Кыргызстандагы айрым диний секталардын мүчөлөрү аскердик милдетин өтөөдөн баш тартышууда. Алардын талабын орундатып, аскерге барбаганы үчүн төкчү 18 000 сом акчасын атайын эсепке чогултууга багытталган мыйзам долбоору парламентте каралууда. Алардын аскерге баргысы келбегенинин себеби - карманган дини (ишеними) курал кармоого уруксат бербейт. Булар баптизм, иегова жана башка уюмдардын мүчөлөрү. Бирок депутаттардын көбү мыйзам долбооруна каршы чыгышты. 
"Кыргызстандын жарандарынын баарынын укугу бирдей. Жарандар кайсы динди карманганына карабай аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү. Альтернативдүү кызмат өтөө үй-бүлөлүк шарттан улам келип чыккан. Эгер жарандардын карманган динине карап улам мыйзам жаза берсек, анда каякка барабыз? Алардын укугу башка жарандардыкынан бийикпи?! Бул маселени Конституциялык палата менен чогуу кароо зарыл",- дешти депутаттар.
Айрым депутаттар алардын төккөн 18 миң сомун атайын эсепке чогултууга каршы чыгышып, "акча бюджетке төгүлүшү керек" деп билдиришти. 
Дастан Бекешев каршылыгын минтип билдирди: "Эгер мындай мыйзамды кабыл алсак, аскерге барбаш үчүн жаштардын баары аталган секталарга кирип кетишет. Мындай болбойт деген кепилдик барбы, жок". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: