super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш улуттар аралык чатактарды болтурбоого багытталган мыйзам долбоорун кароодо

 

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиевдин айтымында, мыйзам долбоору жергиликтүү аймактарда этностор аралык мамилелердин абалы үчүн, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин күчөтүүгө багытталган. “Айыл жерлеринде чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды уюштуруп, керек болсо кыз берүү, кыз алууда да түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек”,- деди ал.

Депутат Надира Нарматова аталган мыйзам долбооруна каршы чыкты. “20-22 жаштагы жигиттер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жатышса, улуттар аралык араздашууларга кантип алдын ала чара көрө алышат? Биз алгач кадрларды жакшылап тандашыбыз керек",- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: