super.kg logo
  Саясат  

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын бузгандардын жазасы күчөтүлөт

 

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жагынан ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталганы айтылды.

Сунушталган документ аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо, эмгек укуктарын, ошондой эле сот акыйкаттыгынын жеткиликтүүлүгүнө, медициналык-санитардык жардам алууга, инфраструктура объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, колдонуудагы мыйзамдарында каралган укуктарын бузгандыгы үчүн Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.

Ошону менен катар инфраструктура объекттерин, темир жол, автомобилдик жана коомдук транспортту пайдалануунун жеткиликтүүлүгүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын чектегендиги үчүн юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жоопкерчилигин жогорулатуу белгиленген.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: