super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев өзүнүн компаниясына байланышкан чуулуу иштеги 2 фактыны моюнга алды

 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзү негиздеген "Градиент" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгына макул эмес. Муну ал парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында билдирди. 
"Депутаттык комиссиянын чечимине макул эмесмин. Мен жөнүндө айтылган маалыматтардын баары эле такталган жок. Эки гана фактыга макулмун. Биринчиси - вице-премьер-министр болуп дайындалгандан кийин компаниянын жетекчилигин башка бирөөгө кеч тапшырып бергеним. Мен өкмөттүк кызматка дайындалгандан 4 күндөн кийин нотариус аркылуу компаниянын жетекчилигин тапшырарым боюнча арыз бергем. Бирок 5 айдан кийин гана өтүптүр. Мен иш албай койгон экем бул боюнча. 
Экинчиси - 1997-жылы бизнес менен алектенип жүргөндө банктардын биринен 100 миң сом кредит алгам. Банк сунуштап калганынан 5 миң сомдон 44 акциясын сатып алган элем. Муну унутуп калып, тапшырган декларациямда көрсөтпөй калгам. Муну менен кошо 1984-жылкы Мерседес унаамды ишеним кагаз менен саткам. Муну да эсимден чыгарып коюп, декларацияда көрсөтпөй калгам. Ушул эки факт болгонун гана моюнга алам, буларды декларацияга кайра коштурдум. Менин коррупцияга катыштыгым бар экени аныкталган жок",- деп билдирди Тайырбек Сарпашев.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: