Москвада "кош бойлуу кыргызстандык айымды зордуктады" деп шектелген полиция кызматкери кармалды



Зордуктоо фактысына шектелген полиция кызматкери Валерий Говоров.

Жабырлануучу Гүлмира Х.
Кыргызстандык 33 жаштагы айым 4-ноябрь күнү укук коргоо органдарына кайрылып, зордуктоо фактысы тууралуу кабарлаган. Анын айтымында, "Улица академика Янгеля" станциясында метродогу полициянын улук сержанты Валерий Говоров жабырлануучуну миграциялык мыйзамды бузганга шектүү деп суракка алган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
31 жаштагы полиция кызматкери административдик протокол түзүү үчүн бөлмөгө алып барып, жыныстык катнашка өтүүгө аракет кылган. Мындан сырткары айымдын 800 рубль акчасын тартып алган.
Жабырлануучу Гүлмира Х. окуя болгон учурда 4 айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. Орусиялык ММКлардын бирине берген маегинде Гүлмира Х. бул боюнча: "Биз полициянын бөлмөсүнө барганда ал жерде дагы бир адам бар эле. Экөө бир нерсени сүйлөшүп, ал чыгып кетти. Полиция кызматкери мага тийише баштады. Кийимимди чечкенге буйрук берип, зордуктады. Кыйкырайын дегем, бирок ал депортацияланасың деп коркутту. Ыйлап жумушка келип, кылмыш жөнүндө полицияга билдирдим. Ал мени 30-октябрда да токтотуп, документтеримди текшерген. Анда 6 миң рубль акчамды алып алган",- деген.
Факты боюнча "жыныстык катнашка мажбурлоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүү колго түшүрүлүп, кызматынан айдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
-3

Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.